Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Ооганстанда НАТОнун аба соккусунан жайкын тургундар набыт болду


Кунар виалетинин губернатору Фазлулла Вахиди НАТОнун аскерлери алдын ала кабарлабай туруп бүгүн абадан сокку урушканын, анда 10 жайкын тургун, алардын ичинде беш жаш бала мерт болгонун кабарлады. Вахиди бул чабуулда төрт талип да өлтүрүлгөнүн кошумчалады. Эл аралык аскер күчтөрүнүн расмий өкүлү Адам Войак акыркы сокку жөнүндө кабардар экенин, бирок анда көз жумган катардагы тургундардын санын тастыктай албастыгын билдирди. “Биз жайкын тургундардын өлүмү боюнча кабарларга өзгөчө көңүл бурабыз, азыр бул окуя тыкыр иликтенип жатат”, - деди Войак. Ооганстанда НАТОнун соккуларынан жөнөкөй тургундар жабыркаган учурлар өлкөдө өтө чоң нааразылыктарды жаратып келет.

XS
SM
MD
LG