Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында өзү жалгыз нааразылык акция өткөрдү. Укук коргоочу оболу аталган өлкөнүн желегин өрттөгө аракет кылды, бирок милиция кызматкерлеринин бир канча жолку эскертүүсүнөн кийин желекти эмес, Беларус президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн өрттөдү. Токтонасыров бул өлкөнүн бийлигинен Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин өткөрүп беришин талап кылууда.
Кечээ Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Курманбек Бакиев сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүрү өткөнчө эркинен ажырады. (EBM)