Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Непалда тибеттик митингчи өзүнө өзү өрт койду


Непалдын баш калаасы Катмандуда бүгүн кечилдин кийимин кийген тибеттик киши өзүнө бензин чачып, Кытайга каршы кыйкырыктарды айткандан кийин өзүнө өрт койгон. Полиция ал киши оор абалда ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
Гималайдын Кытай көзөмөлдөгөн Тибет регионунда кытай бийликтеринин репрессиясына нааразылык иретинде 2009-жылдан бери өзүн өрттөгөн кеминде 100 кишинин көпчүлүгү мерт болгон.

Расмий Бээжин болсо тибеттиктердин өзүн өрттөшүн “аларды буга үндөйт” деп, тибеттиктердин бозгунда жүргөн руханий лидери Далай Ламадан көрүшөт.

XS
SM
MD
LG