Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Тегеранда МАГАТЭнин сүйлөшүүлөрү өтүп жатат


Бириккен улуттар уюмунун атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭнин) расмий өкүлдөрү менен бүгүнкү жолугушуунун алдынан Ирандын Тышкы иштер министрлиги “эгер бул сүйлөшүүдө тараптар Ирандын ядролук программаны өнүктүрүү укугун тааный турган “кеңири келишимге” жетише алса, анда эл аралык инспекторлор Парчиндеги аскерий комплексти текшерүүгө уруксат алышаарын” билдирген. МАГАТЭ буга чейинки билдирүүлөрүндө, атомдук курал жасоо аракеттери менен байланышкан иш дал ушул Парчин комплексинде жүрүп жаткан болушу мүмкүн деп ишенээрин айткан эле. Бирок Тегеран муну четке кагууда. МАГАТЭнин башкы инспектору Херман Накертс Иран менен “ортодогу ажырымды” азайтыш үчүн иштөөгө убада берди. Эки аптадан кийин, 26-февралда Казакстанда Иран менен алты тараптын сүйлөшүүсү өтөт.

XS
SM
MD
LG