Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Орусия Сирияга курал сатууну улантып жатканын билдирди


Анатолий Исайкин Москвадагы маалымат жыйынында, 13-февраль, 2013
Анатолий Исайкин Москвадагы маалымат жыйынында, 13-февраль, 2013
Орусиянын курал-жарак экспорттогон мамлекеттик ишканасы Сириядагы жарандык согушка карабай, Москва дале ал жакка курал сатып жатканын, аны токтотуу тууралуу планы жок экенин билдирди.

Бүгүн Москвадагы маалымат жыйынында сүйлөп жатып, “Рособоронэкспорттун” директору Анатолий Исайкин: "Биз эч кандай бротехника, авиациялык техника, сокку уруучу тик учак, же аскерий тик учак транспортторун жиберген жокпуз, - деди. - Болгону абадан коргонуу системасын гана жибердик. Мен толук жоопкерчилик менен айта алам: ал жакка бир да тик учак, аскерий авиация эски жана жаңы келишимдер боюнча жиберилген эмес".

Исайкиндин ишениминде, экспорттоо иши эч кандай эл аралык келишимдерди бузган жок.

Орусия – Сириянын негизги союздашы. Аны Батыш жана араб өлкөлөрү президент Башар ал-Асаддын режимин колдойт деп сындап келатат. Сириядагы эки жылдан берки согушта Бириккен улуттар уюмунун баамында, 70 миңдей адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG