Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Акыйкатчы Жогорку Кеңеште ант берет


Бүгүн Жогорку Кеңеште акыйкатчылыкка кайрадан шайланган Турсунбек Акун ант берип, расмий түрдө кызматына киришет. Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, парламенттеги ант берүү аземинен соң Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун катышуусу менен Акыйкатчы институтунда жыйын болот.

Турсунбек Акун өзүнүн экинчи мөөнөтүндө Акыйкатчы аппаратындагы кызматкерлердин санын кыскартып, иштин сапатын күчөтүүгө ниеттенип жатканын “Азаттыкка” билдирген. Ошондой эле ал бул мөөнөтүндө Кыргызстанды БУУнун алдындагы Адам укуктары боюнча кеңешинин жогорку А тобуна мүчөлүккө өткөрүү аракетин көрөөрүн кошумчалаган.

Турсунбек Акун 23-январда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын акыйкатчылыгына кайрадан шайланган. Акыйкатчылыкка талапкерлердин айрымдары шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирип келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG