Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

“Ата-Журттун” камактагы депутаттарын колдогон митинг өтөт


Бүгүнкү митинг камактагы депутаттардын иши каралып жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында өтөөрүн аталган партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов кабарлады. Анда “Ата-Журттун” тарапкерлери соттон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышат.

Өткөн жылдын 3-октябрындагы Ак үй алдындагы митингдин жүрүшүндө мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталган “Ата-Журттун” депутаттары  Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун үстүнөн сот иши 10-январда башталган. Өткөн соттук териштирүүдө митинг учурунда жабырланган аскер кызматкерлери көрсөтмө берип баштаган.

Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаевдин айтымында, бүгүн да жабырлануучулар көрсөтмөсүн улантышат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG