Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

“Русофония–2013” фестивалына Борбор Азия жазуучулары катышат


Эртең Парижде орус адабиятына арналып ачыла турган “Русофония – 2013” фестивалына Хамид Исмаилов (Лондон), түркмөн жазуучусу Акмухаммед Велсапар (Швеция), Кыргызстандан Турусбек Мадылбаев, Султан Раев жана Талип Ибрагимов, Тажикстандан Гүлбахор Мирзоева жана Казакстандан Рустем Жангожа катышмакчы. Бул тууралуу фестивалды уюштуруучулардын бири Наташа Каня кабарлады. 17-февралга чейин улана турган фестивалга орус жазуучусу Борис Акунин жана азыркы француз адабиятындагы атактуу ысымдардын бири Жан-Пьер Милованофф да катышмакчы.

“Русофониянын” быйылкы иш-чаралары Борбор Азиянын адабиятына арналууда. Орус тилинен француз тилине чыгарманы эң мыкты которгон адамга сыйлык ишембиде тапшырылат. Борбор Азиядан айрым тасмалар да көрсөтүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын урматына басылган “Орус адабияты” ("Lettres Russes") альманахынын быйылкы чыгарылышы толугу менен Кыргызстанга арналмакчы. Андан сырткары, кыргыз жазуучусу Талип Ибрагимовдун француз жана орус тилдерине которулган “Периште” чыгармасынын бет ачаары да ушул күндөргө белгиленген.

XS
SM
MD
LG