Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Иран менен МАГАТЭ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү аяктады


Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтани бул жыйында тараптар айрым маселелер боюнча тил табышканын билдирди. Бирок ал кайсы маселелер жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок. МАГАТЭ болсо Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин аныктоо боюнча токтоп калган иликтөөнү улантуу үчүн айрым документтер менен таанышууну каалоосун билдирген. Ошондой эл аралык инспекторлор Парчиндеги аскерий комплексти текшерүүнү максат кылган. МАГАТЭ буга чейинки билдирүүлөрүндө, атомдук курал жасоо аракеттери менен байланышкан иш дал ушул Парчин комплексинде жүрүп жаткан болушу мүмкүн деген божомолун айткан эле.

Ал ортодо шаршембиде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кетрин Эштон Иран ушул айдагы алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө сөзгө келсе эл аралык талаш жараткан өзөктүк программа боюнча жылыш болооруна ишенээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG