Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Жалал-Абад: мыйзамсыз жер бергени үчүн мурунку мэрге иш козголду


Жалал-Абад шаардык прокуратурасы мурунку мэрге "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, жер мыйзамын бузган",- деген берене менен кылмыш иш козгоду. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ж. М. шаарда жеке үйлөрдү курууга бош жер жоктугуна карабай, өзүнүн кадыр-баркын көтөрүү максатында мэриянын кызматкерлерин мыйзамсыз токтом даярдоого мажбурлаган. Ага ылайык, 2010-жылы аймактык милициянын 28 кызматкерине чек берилген. Бирок документти тууралай келгенде, бул үлүштөрдүн ээлери бар болуп чыккан. Учурда факт боюнча ишти тергөө уланып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG