Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Кыргыз-тажик чегиндеги айылдын эли чек араны тактоону талап кылууда


Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы Достук айылынын (Баткен району, Кара-Бак айыл өкмөтү) тургундары бийликтен талаштуу тилкени чукул арада тактап берүүнү талап кылууда. Аталган айылдын тургундары чек ара такталбагандан улам аймакта кырдаал курчуп жатканын бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, тактала элек жерге 300 метрдей жакын эч нерсе курулбашы керек болчу. Бирок тажик тарап аныктала элек жерге уюлдук байланышты тейлөөчү күркө орноткон. Кыргыз чек арачылары өз тарабына вагон алып барып коёрдо чыр чыккан. Мындан кийин тажик тарап Кыргызстанга каттаган жолду жаап салган. Буга байланыштуу "Достукта" кечээ эл топтолду.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, чыр кыргыз тарап талаштуу жерге май куюучу жай курууга байланыштуу чыккан. Учурда маселени чечүү жолдору каралып жатат жана кырдаал көзөмөлдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG