“Ата Журт” фракциясынын депутаттары баштаган алты адамдын сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын кызматкери Мирбек Орокбаев күбө катары көрсөтмө берди. Анда Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосун ашып өтүп, аны жаман сөздөр менен кубалаганда жанындагы желим ок менен октолгон курал болгонун, бирок атпаганын билдирди.
Башкармалыктын дагы бир кызматкери Азатбек Жүзүмалиев көрсөтмөсүндө митингчилерди Ак үйдүн короосунан сүрүп чыгаргандан кийин кыска-кыска таяктар калганын айтты. Депутат Талант Мамытовдун жанындагы адамдын шектүү сумкасын тартып алганда андан тапанча менен Мамытовго таандык паспорт менен документ алынганын билдирди. Мамытов бул документтер аныкы экенин жокко чыгарды.
Көрсөтмө берген чекисттердин баары митингчилер таяк, таш менен куралданганын айтышууда. Айыпталып жаткандар күбөлөр мурдагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, айырма чыгып жатканын айтышты.
Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциядан кийин камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Бул депутаттардын соту 10-январда башталган. (EBM)