Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Дагестандагы жардыруудан төрт полицей каза тапты


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүн жанкечтинин жардыруусунан төрт полицей каза таап, калган алтоосу жаракат алды. Жанкечти өзү айдап жүргөн унааны бүгүн эртең менен Хасавюрт шаарынын чет жакасындагы полиция бекетинде токтотулган кезде жардырган. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Орусиянын Түндүк Кавказдагы республикаларынын бири - Дагестанда исламчыл согушкерлер расмий адамдарга, полиция жана аскерий кызматчыларга утур-утур кол салып турат. (UE)

XS
SM
MD
LG