Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Бишкектин үч конушунда милиция бекети ачылды


Бүгүн Бишкектин Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Көк-Жар конуштарында милициянын таяныч бекеттери ачылды. Анда шаар мэри Иса Өмүркулов мындай жайлар кылмыштуулукту азайтып, коопсуздук үчүн маанилүү экенин билдирди. Бекеттерде аймактык тескөөчүлөрдөн сырткары, өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлор да болмокчу. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин маалымдашынча, учурда шаарда милициянын 33 таяныч бекети бар. Бирок алар оңдоп-түзөтүүгө муктаж. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG