Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

АКШ Жапониянын коопсуздугун камсыздоого катышууну улантат


Кошмо Штаттар Жапониянын коопсуздугун камсыздоого, керек болсо өзөктүк курал менен катышууну улантарын президент Барак Обама жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен телефон сүйлөшүүсүндө убада кылган. Эки лидердин сүйлөшүүсү алдында, апта башында Түндүк Корея үчүнчү өзөктүк сыноо өткөргөн болчу.

Маалыматтарга караганда, Обама менен Абэ Пхеньяндын өзөктүк жана баллистикалык технологияны өнүктүрүү аракетине тоскоолдук кылуу жагын талкуулашкан. Сөз бул жерде БУУнун Коопсуздук кеңеши алкагында кызматташуу жөнүндө жүрүп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ Вашингтондо сүйлөгөн учурунда Түндүк Кореянын кадамына эл аралык коомчулук олуттуу жооп берип, Түндүк Кореяга жана башка өлкөлөргө, анын ичинде Иранга дүйнө державаларынын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча принципиалдуу турумун көрсөтүүсү зарылдыгын белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG