Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Казакстан поляк депутаттарын камактагы оппозиционер менен жолуктурган жок


“Азаттык” радиосунун казак кызматы маалымдагандай, поляк депутаттары Томаш Маковски мен Малгожата Марчинкевич катталбаган “Алга” саясий партиясынын абактагы лидери Владимир Козлов менен кездешүүнү көздөшкөн.

Бирок Петропавловск шаарында Козлов жаза мөөнөтүн өтөп жаткан түрмөнүн жетекчилиги буга Башкы прокуратура менен ИИМден уруксат талап кылынарын айтып, жолугушуу уюштуруудан баш тартышты.

Оппозициячыл “Алга” партиясынын лидери былтыр октябрда Казакстандын батыш бөлүгүндөгү мунайчылардын иш таштоосу учурунда социалдык кастыкты козуткан деген жүйө менен жети жарым жылга кесилген.

Иш таштоо 2011-жылы декабрда, Жаңы-Өзөн шаарында кагылыш жана 16 кишинин өлүмү менен аяктаган. Абактагы Козлов анын соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG