Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Иран жана МАГАТЭ мунаса таба алган жок


Эки тарап Тегерандагы сүйлөшүүдө макулдашууга жете албаганын бүгүн Венадан МАГАТЭнин башкы директорунун орун басары Херман Наскаертс билдирди:

- Биз структуралык мамиле кылуу боюнча документти талкууладык, бирок аягына чыгара алган жокпуз. Силер билгендей, бул документ макулдашылса, Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү боюнча калган маселелердин чечилишин тездетмек. Мурдагыдай эле биз Парчин өзөктүк жайына кире албадык.

МАГАТЭ Парчин деп аталган комплекске инспекция жүргүзүүнү узактан бери талап кылып келүүдө. Ал жерде өзөктүк куралдын айрым бөлүктөрү сыналган деген шек саноолор бар.

МАГАТЭ менен Тегерандын макулдашуусуз аяктаган жыйыны дүйнөнүн алты ири державасы менен Ирандын ушул айдын аягында Казакстанда мерчемделген сүйлөшүүсү алдында өттү. (UE)

XS
SM
MD
LG