Оскар Писториус өз үйүндө сүйлөшкөн кызы Рева Стенкампты атып салган деп айыпталууда. Окуя бүгүн эртең менен болгон.
Прокуратура өкүлүнүн айтымында, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө убакыт талап кылынгандыктан, алгачкы сот иши жума күнгө белгиленди.
26 жаштагы Оскар Писториус майыптыгына карабай, кадимки Олипиадага катышкан жалгыз спортчу. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган.
Оскар Писториус - эки буту тең ампутация болгон алгачкы жөө күлүк. Кыска аралыкка чуркоодо 400 метрди 46 секундда багындырган.
Паралимпиаданын үч жолку чемпиону. Ал кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркайт. (UE)