Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Баткенде Сохту айланып өтчү жолду куруу иштери аяктап калды


Бул тууралуу бейшембиде өткөн өкмөт жыйынында маалым болгонун премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, жыйында өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков Бөжөй-Сөгөт-Бел жолунун 14 чакырымы аяктап, 2 чакырымдайы калганын, жол жакынкы аралыкта бүткөрүлөөрүн билдирген. Бул жол облустагы Бөжөй айылын Сох анклавын айланып өтүп, Кыргызстандын башка аймактары менен туташтырат.

Январда Сохто болгон окуялардан соң жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берген Разаков Чарбак айылында ФАПтын, Таян айылында чек ара бекетинин имаратынын курулушу жана Кыргызстан Сохтогу чек арасын тикен зым менен тосуу уланып жатканын да кабарлаган.

Өткөн айдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча машинени талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылып, 1-февралда ачылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG