Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Оскар Писториуска айып тагылат


Адам өлтүрүүгө шектелген түштүк африкалык майып спортчу Оскар Писториуска бүгүн расмий айып тагылат.

Ал өз үйүндө сүйлөшкөн кызы Рева Стенкампты атып салган деп айыпталууда. 30 жаштагы модел Рева Стенкамптын сөөгү спортчунун үйүндө бейшембиде табылган. Полициянын маалыматында, ага төрт жолу ок тийген. 26 жаштагы Оскар Писториус майыптыгына карабай, кадимки Олипиадага катышкан жалгыз спортчу. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган.

Оскар Писториус - эки буту тең ампутация болгон алгачкы жөө күлүк. Кыска аралыкка чуркоодо 400 метрди 46 секундда багындырган. Ал кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркайт.

XS
SM
MD
LG