Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Евробиримдик жана АКШ Иран бийлигин оппозиционерлерди бошотууга чакырды


Евробиримдик жана АКШ Иран бийликтерин оппозициянын белгилүү өкүлдөрү Мир Хусейн Мусави жана Мехди Каррубини үй камагынан чыгарууга чакырышты. Бейшембиде таратылган билдирүүдө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кетрин Эштон эки жылдан бери Мусавинин жубайы да үй камагында кармалып турганына тынчсыздануусун билдирип, Ирандын бийликтерин адам укуктарын бузбоого үндөгөн эле. Аз өтпөй АКШнын Мамлекеттик департаменти дал ушундай билдирүү менен чыкты.

Ирандын мурдагы премьер-министри Мир Хусейн Мусави жана Иран парламентинин мурдагы төрагасы Мехди Карруби 2009-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болушкан. Эки саясатчы өз тарапкерлерин 2011-жылкы Тунисте жана Египеттеги элдик чыгууларды колдогон көчө жүрүштөрүн өткөрүүгө чакыргандан кийин үй камагына алынып, али бошотула элек.

XS
SM
MD
LG