Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалууда


Жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылган 12 мергенчи кармалган. Учурда 300 сомдон 200 миң сомго чейин айып салынууда. Бул тууралуу Аңчылык департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Рысбек Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз мергенчилик кылгандар көбүнчө Жети-Өгүз районунда кармалып жатат:

- Мыйзамсыз мергенчилик кылгандар Жети-Өгүздүн, Барскоон айылындагы Ак-Шыйрактын четинде кармалууда. Жыл башынан бери 1 кулжа, 2 кекилик, 2 койон, 7 текени мыйзамсыз атышкан. Айыптан түшкөн каражат республикалык жаратылышты коргоо фондуна өткөрүлөт.

Ысык-Көлдө жалпысынан 1650 мергенчи бар. (МК)

XS
SM
MD
LG