Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулар боюнча бөлүмдүн башчысы Талант Сооронбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда темекиге каршы бир жылдык жараян башталды. Анын алкагында чылымдын айынан чалдыккан дарттар, аларды алдын алуу, бул өнөкөттү таштоого жардам берүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турат.
Адистер билдиришкендей, 2012-жылы Кыргызстанда дем алуу органдарындагы оорулардан өлгөн адамдар саны 20 пайызга өскөн. Өлкөдө тамеки чегүүгө каршы кабыл алынган мыйзам иштебей жатат. Айрыкча өспүрүмдөр, жаштар жана кыз-келиндер арасында чылым тарткандардын саны өстү. EBM