Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:56

Сатыбалдиев Аткинсонду кабыл алды


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 14-февралда Бишкекте “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, анда өкмөт башчы Кумтөр долбоорунда Кыргызстандын экономикалык жана башкаруу позицияларын жакшыртуу керектигин белгиледи. Аткинсон түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даярдыгын билдирди.

Өткөн жылдын аягында Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын кортундусу чыккан. Анда аталган алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келери айтылып, өкмөткө жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүү баштоо тапшырылган. Эгер бул шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG