Былтыр Кыргызстанга алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн эс алганы 3,3 миллиондон ашык турист келген. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 300 миңге көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Максат Усубалиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, былтыр визасыз каттам тартиби кирген өлкөлөрдөн келген туристтер 14 миңге арбын болгон.
Президент Алмазбек Атамбаев 44 мамлекеттин жарандарына 60 күнгө визасыз каттам тартибин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорго өткөн жылы июнь айында кол койгон.
Кыргыз өкмөтү туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бир катар өнүккөн өлкөлөргө визасыз каттам киргизүү демилгеси менен чыккан. Бирок күч органдары бул өлкө коопсуздугу үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн деген чочулоосун билдиришкен болчу. (EBM)