Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Воркутада кендеги жарылуудан өлгөндөрдүн саны 19га жетти


“Воркутакөмүр” ишканасынын маалымат кызматынын билдиришинче, оор абалда шаардык ооруканага түшкөн кенчи бүгүн эртең менен көз жумду. Азыр дагы үч адам дарыланып жатат, бирөө Москвага жөнөтүлдү.

11-февралда Орусиянын түндүгүндөгү Воркутинская көмүр кенинде топтолуп калган газ жарылган. Ошол күнү 18 адам набыт кеткен. Буга байланыштуу, “коопсуздук эрежелеринин бузулуп, эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келди” деген айып менен кылмыш иш козголгон.

Маалыматка караганда, бул шахтада кыргызстандыктар да иштейт, кырсыкка кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG