Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

Четте 2 миңден ашуун кыргыз жараны түрмөдө отурат


Тышкы иштер министрлиги четте жүргөн кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргоо иштери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, былтыр ТИМдин Консулдук кызмат департаментине 2 миңге жакын арыз түшкөн. Ал эми жер-жерлердеги элчиликтерге кайрылгандардын жалпы саны 4 миңге чамалаган. Ушул тушта 2157 кыргыз жараны башка мамлекеттердин түрмөлөрүндө отурат. Басымдуу бөлүгүнө маңзат, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана бейбаштык боюнча айып тагылган. Алардын тогузу өмүрүнүн акырына чейин, бирөө өлүм жазасына кесилген. Учурда четтеги кыргыз жарандарынын 70тен ашык бирикмеси бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG