Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Былтыр сыртта жүрүп каза тапкан 360тай адамдын сөөгү келди


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Ага ылайык, чет өлкөдө жүрүп каза болгон кыргыз жарандарынын тууган-туушкандарына жана жакындарына жардам берүү үчүн ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде атайын штаб түзүлдү. Соңку учурда сыртка иштегени кеткен аялдар арасында өлүм көбөйүүдө.

Былтыр жыл этегинен баштап “Кыргызстан” авиакомпаниясы чет жерде ар кандай шартта каза болгон адамдын сөөгүн, башкача айтканда “жүк-200” үчүн акы алуудан баш тарткан болчу. Мамлекеттик авиакомпаниянын башчысы Жолдошбек Бектурганов маркумдун тууган-туушкандарынын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн ушундай кадамга барышканын, ошондой эле башка жергиликтүү авиакомпанияларга мындай сунушту колдоо өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөнүн "Азаттыкка" билдирген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG