Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Серена Уильямс кайрадан биринчи орунга чыкты


Америкалык теннисчи Серена Уильямс Аялдардын теннис ассоциациясынын (ВТА) эң мыкты теннисчиси болуп калды. Бул Уильямс Катардагы турнирде жарым финалга чыккандан кийин анык болду. Уильямс чейрек финалда чехиялык Петра Квитованы утуп алды. Уильямс жарым финалда утулуп калса да, 10 365 упай менен рейтинг-тизмеде биринчи болуп кала берет. Эгер беларус Азаренко утса, анын упайы 10325 гана болот.

Серена Уильямс буга чейин 2010-жылга чейин Аялдардын теннис ассоциациясынын рейтинг-тизмесинде 123 жума биринчи болгон. Катардагы мелдеште байгеге 2,4 млн доллар коюлган.

XS
SM
MD
LG