Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Пакистанда 15 адам бомба чабуулунан өлдү


Бүгүн Пакистандын Белижистан провинциясында бомба чабуулунан бери дегенде 15 киши бейажал өлдү. Жыйырмадан ашык адам жараат алды. Набыт болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

Полициясынын билдиришинче, жардыруу провинциянын борбору Кветта шаарынын четиндеги базарда болду. Кветтанын бул бөлүгүндө негизинен шииттер жашайт.

Пакистандын түштүк-батышындагы провинцияда сунни согушчандары шиит мусулмандарына дембе-дем кол салып турат. Январь айында Белужистанда эки жолку бомба чабуулу болуп, сексенден ашык адамдын каны төгүлгөн. Бейажал өлгөндөрдүн көбү шииттер экени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG