Орусиянын Сахалин облусунун борбору - Түштүк Сахалин шаарында кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Орусиянын Baltinfo.ru сайтынын маалыматына ылайык, өтүп бараткан адам шаардагы бир мектептин короосунда асылып турган кишини байкаган. Анын чөнтөгүнөн табылган паспорттон 1975-жылы туулган кыргызстандык жаран экени аныкталган. Облустук тергөө башкармалыгынын маалымат кызматы асылган адамдын денесинде бирөө тарабынан келтирилген кыйноо белгилери жоктугун билдирген.
Табылган сөөк өлүк сактоочу жайга жиберилип, маркумдун жашаган, иштеген жерин такоо жүрүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине да кабар жөнөтүлгөн.
Жыл башынан бери Орусияда киши колдуу каза тапкан эки адамдын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. (AKu)