Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Баракка гуманитардык жардам жеткирилди


Бүгүн Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак айылына гуманитардык жардам жеткирилди. Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун билдиришинче, өзбек тарап менен макулдашып, жабык турган “Ак-Таш” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандын Барак эксклавына жардам алып өтүү мүмкүн болду.

Турмуш-тиричиликке эң зарыл болгон каражаттар, азык-түлүктөрдөн турган 4 тонналык жүктү Ош облусунун администрациясы чек ара кызматкерлеринин коштоосу менен алып барды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков аталган айыл элинен барып кабар алды. Жолугушуу учурунда 17 жергиликтүү тургун ден соолугуна жана башка зарыл иштерине байланыштуу чек арачылар менен кетүүнү суранышкан. Алар “Ак-Таш” өткөрмө бекетинен алынып өттү.

Ош облусу боюнча кыргыз-өзбек чек арасында “Достук” бекети гана ачык. Барактыктар жакыныраак деп “Ак-Таш” бекетин ачып берүүнү сурап келишкен. Бул өткөрмө бекети эки өлкөнүн ортосундагы келишимде каралбай калгандыктан өзбек тарап ачууга уруксат бербейт, бирок зарыл учурларда макулдашуунун негизинде кирип-чыгуулар болуп турат. (AKu)

XS
SM
MD
LG