“Цех” деген аталыштагы лофтто бүгүн эски же сата албай жүргөн буюмдарды алууга жана сатууга болот. Бул жайга каалоочулардын баары келип, үйдөгү кереги жок кийим-кечек, буюмдарды арзан баада сатыкка койууда. Андан сырткары тамак-аш, таттууларды жана колго жасалган жасалгаларды алып келүүгө мүмкүн. Алардын баасы 1000 сомдон ашпаш керек.
Лофт – эски заводдун, фабриканын же башка ишкананын имаратын жаңыртып кеңсеге айлантуу. Кыргызстанда ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн мындай жайлар акыркы жылдары пайда боло баштады. (AKu)
Лофт – эски заводдун, фабриканын же башка ишкананын имаратын жаңыртып кеңсеге айлантуу. Кыргызстанда ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн мындай жайлар акыркы жылдары пайда боло баштады. (AKu)