Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

НАТО күчтөрү Ооган аскерлерине көмөк берүү тартибин өзгөрттү


Ооганстандагы НАТО аскерлеринин командачылыгы калктуу жерлердеги операция кезде авиацияны колдонбоо жөнүндөгү Ооган президентинин сөзүнө ылайык аракеттенет. Бул жөнүндө НАТОнун Ооганстандагы көп улуттуу күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жозеф Данфорд Кабылда журналисттер менен кездешүүдө билдирди. Ишемби күнү Хамид Карзай Ооган аскерлери кыштак жерлерде адаватчыларга каршы операция өткөрүп жатканда, НАТОдон авиациялык колдоо сураганын каалабасын жана буга тыйуу салуу ыкласын айткан. “Биздин кыштактарда аскердик операция жүрүп жатканда Ооганстандын аскердик күчү эч кандай шартта чет элдиктерге абадан колдоо сурап, кайрылбаш керек”, - деген Карзай жакында андай жарлыкка кол койорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG