Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Ысык-Көл: Жер титирөөдөн жабыркагандарга кайтарымсыз жардам берилет


Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам бериле турган болду. Ошондой эле 200 миң сомдон узак мөөнөттүү ссуда берүү да чечилди.

Кожалиев белгилегендей, ссудандын өлчөму 10 жыл мурда бекитилип, аз болгондуктан аны эки эсеге көтөрүү тууралуу маселе талкууланып жатат.

29-январда болуп өткөн 6 баллдык жер титирөөдөн Түп районунда 2 мектеп 40 үй авариялык абалга келген. Учурда жабыр тарткандар жакындарынын үйлөрүндө баш панаалап жатышат.(MK)

XS
SM
MD
LG