Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Косово Евробиримдик менен НАТОго кирүүнү каалайт


Күнкорсуздугунун 5 жылдыгын белгилеп жатып, Косовонун президенти Атифите Яхья өз өлкөсүнүн Евробиримдик жана НАТОго кирүү үчүн так максаты бар экендигин айтты. Анын айтымында, жаш мамлекеттин бул уюмдарга кошулушу анын эгемендигин бекемдемек.

Өлкө борбору Приштина шаарында күнкорсуздук майрамына арналган НАТО машыктырып берген Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн парадында президент Яхья айым “Косово Республикасы бүгүн регионалдык байланышка чоң салым кошууда жана анын Евробиримдик менен НАТОго кошулам деген так максаты бар. Биз, Косовонун эли, өз тарыхыбыздын жаңы бөлүгүн - тынчтык, өз ара түшүнүү жана кызматташуу баштадык,”- деп билдирди

Бул күнү Косово парламенти эгемендикке арналган атайын жыйын өткөрсө, Приштининанын борбордук аянтында түнкү саат онго чейин майрамдык концерт болду.

Косово Сербиядан 2008-жылы бөлүнүп чыккан. Учурда дүйнөнүн 100 өлкөсү анын эгемендигин тааныган. Бирок расмий Белград Косовонун көз карандысыздыгын тааныбай келет. Косовонун түндүк анклавындагы сербдер да Приштинанын бийлигине баш ийүүдөн баш тартып келишет.

XS
SM
MD
LG