Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын Кветта шаарындагы ишемби күнкү бомба чабуулунан курман болгондордун саны 85ге чыкты. Полициянын билдиришинче, жарадарлардын саны 200дөн ашат. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Лашкар-е-Жангви” уюму өзүнө алды. Өлгөндөрдүн көбү шиит хазарлар экени айтылууда. Хазарлар Кветтага бир кылымдын ашуун убакыт мурда Ооганстандан ооп келишкен. Хазарлардын демократиялык партиясынын лидерлери бийликке 48 саат ичинде “Лашкар-е-Жангви” уюмун жазага тартуу талабын коюшту. Бул талап аткарылбаса, дүйнөдөгү баардык хазар этникалык топтору нааразылык акцияларын өткөрөөрүн айтууда.