Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өзбекстандын башчысы Кыргызстандын президентине куттук жолдоду


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Мындай куттук кат өткөн жуманын этегинде келгенин президенттин маалымат кызматы бүгүн жарыялады. Өзбек президенти жолдогон катта: "Өзбек жана кыргыз элин көп кылымдар бою достук жана жакшы коңшулук мамилелер, тарых менен маданияттын жалпылыгы, тилдердин, салт-санаалардын, үрп-адаттардын жакындыгы тыгыз байланыштырып, ар дайым эки тараптуу кызматташууну ырааттуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, регионубузда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого ишенимдүү негиз болгон жана мындан ары дагы боло бермекчи. Мезгил сыноосунан өткөн өз ара урматтоо жана ишеним көрсөтүү мамилебиз мында ары дагы эки элдин кызыкчылыктарында, жемиштүү жана туруктуу мүнөзгө ээ болуп өнүгө берерине ишенем”, - деп айтылат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык карым-катышы башталганына 20 жыл толгон менен эки коңшунун ортосунда чек ара, соода, суу-энергетика, анклавдар боюнча талаш маселелер арбын. Бул жагдайлар боюнча эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин бири-бирине бир нече ирет нааразылык ноталарын билдиргени бар.(JАк)

XS
SM
MD
LG