Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Бишкекте дагы бир аскер асынып алды


Бишкектеги аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөгөн жоокер 16-февраль күнү кечинде тууганынын үйүндө асынып өлгөнү тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн маалымдады. “Иликтөөнүн жыйынтыгында асынып өлгөн жоокер туугандарынын өтүнүчү менен убактылуу үйүнө барганы анык болду”, - деп билдирди министрликтик басма сөз кызматы. Маркум аскер жасаган иши үчүн туугандарынан кечирим сурап кат жазып, анын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнгөн. Бул окуя боюнча азыр РИИБ иликтеп баштады.

Өткөн жылы да кыргыз армиясында өз жанын кыйган аскерлердин саны бир топ болгон. Былтыркы жылдын аягында Кыргызстанда 8 айда 18 чек арачы жоокер өлүмгө учураганын депутат Исмаил Исаков айтып чыккан эле. (JAk)

XS
SM
MD
LG