Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Жалал-Абад дарыгерлердин жетишпестиги боюнча алдыңкы орунда


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйынында министрдин орун басары Марат Калиев билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад областынын Чаткал районунда 10 миң адамга болгону 7 гана дарыгер туура келет.

“Дарыгерлердин айылдарга иштегиси келбегенинин негизги себеби - аймактарда инфраструктуранын өнүкпөгөнү, кесиптик жогорулоонун жоктугу жана жашоо тиричиликтин начардыгы”, - дейт Калиев.

Министрликтин жыйынында дарыгерлерге муктаж аймактардын аттары аталды. Мисалы Сузак районунда 10 миң кишиге 8,6 дарыгер туура келет, Ала-Букада – 9,2, Түптө – 8,5,  Жети-Өгүздө – 8,6, Нарында он миң кииге  – 8 дарыгер, Ноокатта – 8,6, Алайда – 8,7,  Өзгөндо – 9, Чоң-Алайда – 9,1, Манаста – 7,7, Бакай-Атада – 8,9, Талас районунда– 9,5,  Сокулукта 10 миң жашоочуга 9,3 даарыгер туура келээри айтылды. (JAk)

 

XS
SM
MD
LG