Жалал-Абаддагы “Адилеттик” укук коргоо уюму облустагы бир нече убактылуу кармоочу жайлардан сурамжылоо жүргүзгөндө 1 киши түрмөдөгү кыйноодон улам уруп-согууга каршылык иретинде колу жана мойнун тилгенге мажбур болгонун даттанган. Экинчи адам 6-ноябрда кыйноого алынганын билдирген. Дагы бирөөсү былтыр Ноокен районунда түрмө кызматкерлери тарабынан токмоктолгонун айткан. Буга чейин аталган уюмга түрмөдөгү кыйноолор боюнча алты кишиден арыз
түшкөн эле. ”Адилеттик” уюму даттанган адамдардын арызы боюнча текшерүү
жүргүзүп, чара көрүүнү өтүнүчү менен күч органдарына кайрылган. Облустук ИИБинин басма сөз кызматкери Таалай Сусунбаев 6-февралда убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылдык деп даттанган үч кишинин арызы негизсиз экенин, бул үч адам тең
Өзгөн районуна которулуп баратканда машинанын ички тетиктерине атайылап урунуп
алышканын билдирди. (YA, JAk)