УКМКнын тергөө абагынын жетекчиси Мирбек Муканбетов кызматтан убактылуу четтетилди жана абактын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматынан алынды. Муну аталган комитеттин маалымат кызматынан тастыкташты. Маалымат кызматтан тергөө абак жетекчилеринин эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу түшүндүрмө беришкен жок. Бирок буга чейин акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө абакта кармалып турган Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди абактын медициналык мекемесинде дарылоо үчүн аталган жетекчилер 50 миң доллар талап кылышканын, буга макул болбогон депутат 15-февралдан тарта ачкачылык кармап жатканын айтып чыккан. Мындан улам айрым маалымат каражаттары УКМКдагы өздүк булакка шилтеме берип, абак жетекчилеринин кызматтан алынышы Түлеевдин ишине байланыштуу экенин жазып чыгышты.
Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынын депутаты Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Ага 2008-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган.(BkA)