Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Акыйкатчы Акун: депутат Түлеев ачкачылык кармап жатат


Акыйкатчы Турсунбек Акун 15-февралда ачкачылык жарыялаган ЖК депутаты Нариман Түлеев бул акциясын дале улантып жатканын кабарлады. Акыйкатчынын айтымында, депутаттын ачкачылык жарыялашына УКМКнын медициналык мекемесинин жетекчиси Нияз Алдашев тергөө абагынын ооруканасында дарылоо үчүн андан 50 миң доллар талап кылганы, ден соолугу начарлаганына карабай тергөө абагына которгону себеп болгон. Анткен менен Нариман Түлеевдин адвокаттарынын бири Кубан Ташбалтаев депутаттын ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалыматы жок экенин “Азаттыкка” билдирди. УКМКдан болсо акыйткачы тараткан маалымат текшерилип жатканын маалымдашты.

Бирок дүйшөмбү кечинде аталган комитеттин маалымат кызматы УКМКнын тергөө абагынын жетекчиси Мирбек Муканбетов кызматтан убактылуу четтетилгени жана абактын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматынан алынганы тууралуу маалымат таратышты. Бирок алар эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу түшүндүрмө берилген жок. Айрым маалымат каражаттары УКМКдагы өздүк булакка шилтеме берип, абак жетекчилеринин кызматтан алынышы Түлеевдин ишине байланыштуу экенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG