Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде дүйшөмбүдөгү жыйындан соң жарыялашты. Санкцияда Сирия бийликтерине бир катар чектөөлөр каралганы менен өлкөнүн жайкын тургундарына көрсөтүлчү жардамдарга уруксат берилген.
Мындай чечим бир нече кайчы пикирлерден соң кабыл алынды. Улуу Британия менен Италия Сирияга курал-жаракты сатууга коюлган тыюуну жумшартып, козголоңчуларга курал-жарактан жардам берүүнү көбөйтүүнү сунуштап чыкты. Бирок Евробиримдиктин башка мүчөлөрү мындай сунушка каршы чыгып, жайкын жарандарга каралган жардам Сирия оппозициясына көмөк болот деп ишендирүүдө.
Андан мурун БУУнун Сириядагы кандуу калабаны изилдөө комиссиясынын мүчөсү Карла де Понте Гаагадагы эл аралык трибуналга бул өлкөдө жасалган согуш кылмыштарын тезинен иликтөөгө убакыт келгенин айтып чыккан эле.