Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Бишкекте Кытайга арналган сүрөт көргөзмөсү ачылат


Бүгүн Улуттук китепканада журналист Жамбы Жусубалиеванын “Жер жөнүндө ыр. Кытай” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жамбы Жусубалиева өзү кабарлады. Анда журналисттин Кытайга сапары учурунда бул өлкөнүн калкынын турмушу, маданияты тууралуу тарткан 50 чакты сүрөтү коюлат. Жусубалиеванын айтымында, бул көргөзмө атайын долбоордун алкагында уюштурулууда. Ага ылайык, ушул жылдын ичинде “Жер жөнүндө ыр” деген көргөзмөлөр сериясы көрөрмандарга тартууланат. Алгачкы көргөзмө Кытай жөнүндө болсо, кийинки көргөзмөлөр Индия жана Орусияга арналмакчы.

“Жер жөнүндө ыр. Кытай” көргөзмөсү 5-мартка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG