Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Жалал-Абадга АРИС көмөктөшөт

АРИСтин "Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртуу" долбоору Жалал-Абаддын аймактык башкармалыктарына 500 миң доллар өлчөмүндө каражат жумшайт. Анын 5 пайызын шаардагы беш аймактык башкарма жергиликтүү эл менен бирге төлөшү керек. Долбоордун каражаттары социалдык муктаждыктарга жумшалышы шарт. Бул тууралу бүгүн өткөн тегерек үстөл талкуусунда долбоордун координатору Балбак Уметов билдирди.

Жалал-Абад шаарында 100 миңге чукул киши жашайт. Күнүнө 20-30 миңдей адам кирип-чыгып, өз иштерин бүтүрүп кетишет. (YA)
XS
SM
MD
LG