Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Президент мугалимдердин айлыгын өз учурунда төлөөнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго мугалимдердин айлык акыларын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылып, бул маселени жеке көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Шаардын бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэрия кызматкерлери айлык акысын алышы керек”,- деп белгиледи мамлекет башчы.

Казначалыктын маалыматына ылайык, шаардын мугалимдерине декабрь айынын айлык акысын төлөө үстүдөгү жылдын 21-январына чейин созулган. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын райондук администрациялары, мэриясы «Айлык акы» беренеси боюнча декабрь айынын маянасы 2012-жылдын 25-декабрына чейин эле толук алып бүтүшкөн. Атамбаев 2011-жылы мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы Бишкекте дээрлик иштебей калганын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG