Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

ЕККУ: Армян шайлоосунда "нагыз" атаандаштык болгон жок


Эл аралык байкоочулар кечээ күнкү президенттик шайлоодо жылыштар болгону менен, чыныгы атаандаштык болбогондугун белгилешүүдө.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү бүгүн тынч жана жалпы жонунан тартиптүү өткөн шайлоодо президент Серж Саркисян басымдуу көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгондугун бышыкташты. Жазуу түрүндө таркатылган билдирүүдө өлкөдө “иштиктүү жана элдин кеңири катмарын камтыган демократияны куруу үчүн” атаандаштыкты күч алдыруу зарыл экендиги белгиленет.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тонино Пикула:

Талапкерлердин аздыгы шайлоочулардын тандоо мүмкүнчүлүгүн тарытты. Катышкан талапкерлер көз караштарын тартынбай айта алган менен, жалпысынан шайлоо өнөктүгү коомчулуктун кызыгуусун жарата алган жок.

Шайлоо президентке артыкчылык берет деген шектенүүдөн улам, Саркисяндын бир нече атаандашы добуш берүүдөн баш тартышкан. Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Саркисян добуштардын дээрлик 60 пайызын алгандыгын билдирүүдө. Добуштардын дээрлик 40 пайызы менен экинчи болуп келген мурдагы тышкы иштер министри Раффи Хованнисян шайлоо акыйкат болгон жок деп айтууда.

XS
SM
MD
LG