Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Хорогдо коопсуздук кызматкеринин өлүмү боюнча сот иши өтүүдө


Тажикстанда Тоолуу-Бадахшан автоном областынын коопсуздук кызматынын башчысын өлтүргөн деп шектелген эки кишинин үстүнөн сот иши башталды. Сот областтын борбору Хорогдо бүгүн ачылганын Жогорку Соттун өкүлү Миро Али Каримов "Азаттыкка" бышыктады. Процесс жабык эшик артында өтүп жатат.

Шектүү кылмышкерлерге былтыр коопсуздук кызматынын аймактык жетекчиси Абдулло Назаровдун көзүн тазалаган деп айып тагылган. Назаров эмне үчүн өлтүрүлгөнү анык эмес. Эки шектүү кылмышкер Тоолуу-Бадахшанда Назаров набыт болгон соң, алардын куралдуу колдоочуларына каршы тажик армиясы согуштук операция жүргүзгөндөн кийин туткунга түшүп беришкен. Бир нече аптага созулган ал операцияда өкмөт 13 коопсуздук кызматкери жана 30 козголоңчу окко учту деп ырастаган. Бирок жергиликтүү эл бери дегенде 70 киши, анын ичинде бул окуяга тиешеси жок бейкүнөө тургундар набыт кеткендигин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG