Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

"Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү аныкталды


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, ал жетектеген өкмөттүк делегация 18-19-февралда Москвада “Газпром” ишканасынын өкүлдөрү менен “Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда “Кыргызгазды” сатуунун негизги шарттары талкууланып, сатууга даярдык көрүүнүн мөөнөтү аныкталды. Ага ылайык, аталган ишкананы орусиялык “Газпром” ишканасына сатуу боюнча ушул жылдын 1-апрелинен чейин план бекитилди. Анын алкагында эки тарап келишимдерди иштеп чыгышы зарыл.

Кыргыз тарап "Кыргызгаздын" "Газпромго" берилчү баасын 1 доллар деп баалаган.

Президент Алмазбек Атамбаев “Газпромго” бир катар талаптар коюлганын маалымдаган. Ага ылайык, газ жыл бою үзгүлтүксүз берилип турушу керек, баасы арзан болуп, 500 миллион доллар инвестиция салышы шарт. Ошондой эле Кыргызстанда газ чалгындоону улантышы зарыл.

“Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылууга кызыкдар экенин, 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль инвестиция берүүгө даярдыгын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG